Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары ОшМУнун Кыргыз–Кытай факультетинде конок лекция өтүштү

2026-02-16 08:50:30 30

2026-жылдын 13-февралында Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университети ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз–Кытай факультетине келип, конок лекцияларын окуп беришти. Чет тилдер багытындагы адистер студенттерге жана окутуучуларга арналган лекцияларды өткөрүп, тажрыйба алмашуу жана академиялык кызматташтыкты чыңдоо максатында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Лекцияларда тил окутуунун ыкмалары, стилистикалык каражаттар жана лексикалык маанилер темалары камтылып, катышуучулар үчүн пайдалуу маалыматтар сунушталды. Бул иш-чара эки тараптын өнөктөштүгүн дагы да бекемдеп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү.