Кыргыз-Кытай факультетинин КЭМИ командасы АССТ кафедрасынын футбол беттешинде жеңүүчү аталды

2026-02-13 09:05:48 82

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун АССТ кафедрасы тарабынан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган футбол боюнча өткөрүлгөн спорттук мелдеште Кыргыз-Кытай факультетинин КЭМИ адистигинин студенттери жогорку натыйжа көрсөтүп, 1-орунга ээ болушту. Мындан сырткары, команда мүчөсү Култаев Бердибек өзүнүн чеберчилиги, оюндагы активдүүлүгү жана жогорку спорттук даярдыгы менен айырмаланып, турнирдин “Мыкты оюнчу” номинациясына татыктуу болуп табылды. Иш-чара жаштардын дене тарбияга болгон кызыгуусун арттырууга, саламат жашоо образын калыптандырууга жана факультеттер аралык ынтымакты чыңдоого багытталган маанилүү саамалык болду.