2025-12-25 10:00:17 38
Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин 4-курсунун студенттери «Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын кызматташтыгы жаштардын көз карашында» аттуу V Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышышты. Конференция Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди жана жаш изилдөөчүлөрдү бириктирди. ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери иш-чарага онлайн форматта катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана эл аралык кызматташтыкка болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Конференцияга КК-1-22 тайпасынын студенттери Мирбек кызы Алтынай, Мукумова Айгерим жана Юсупова Мохинур активдүү катышышты. Мындай илимий иш-чараларга катышуу студенттердин академиялык көз карашын кеңейтүүгө, изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын жаштарынын ортосундагы эл аралык диалогду бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Университеттин администрациясы конференциянын уюштуруучуларына катышуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет, ошондой эле студенттерге университеттин аброюн татыктуу деңгээлде таанытканы үчүн ыраазычылык билдирет.