2025-12-19 07:14:16 11
2025-жылдын 18-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз–Кытай факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу» Жарлыгынын алкагында, 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы боюнча X китеп окуу сынагы ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу улуттук руханий баалуулуктарды жайылтуу, чыгармага талдоо жүргүзүү жана ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болду. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар чыгарманын мазмуну боюнча суроолорго жооп берип, каармандардын образдарын талдап, өз ойлорун эркин билдиришти. Ошондой эле студенттер “Гүлсарат” чыгармасынан үзүндүүлөрдү көркөм окуп, жазуучуга арналган сүрөттөрдү тартып, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул сынак иш-чарага өзгөчө мазмун берип, адабий-тарбиялык маанисин арттырды. Сынактын жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылды: • I орун — Ильяз кызы Жылдыз • II орун — Таштутов Айтмырза • III орун — Акжол кызы Аяна Жеңүүчүлөр дипломдор, акчалай сыйлыктар менен, ал эми активдүү катышкан чыгармачыл студенттер көркөм адабий китептер менен сыйланышты. Иш-чарага Кыргыз–Кытай факультетинин деканы М. Үсөн уулу, коноктор жана окутуучулар катышып, студенттерге дем-күч берип, адабияттын жаштардын руханий дүйнөсүндөгү орду тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Аталган сынакты Кыргыз–Кытай факультетинин окутуучулары А. Алтынбеков, Т. Пазылов, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент З. Каразакова жана улук окутуучу А. Осмонова уюштуруп, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошушту. Жалпысынан иш-чара мазмундуу болуп, тарбиялык мааниси жогору деңгээлде өтүп, студенттердин улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү роль ойноду.