2025-11-11 08:13:29 140
2025-жылдын 3–9-ноябры аралыгында Шри-Ланка мамлекетинде 19 жашка чейинки кыздар арасында волейбол боюнча зоналдык CAVA чакырык кубогу болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Мальдив аралдары, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүнүн курама командалары катышышты. Кыргызстандын курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, мелдештин жеңүүчүсү болуп 1-орунду камсыздады! Бул чоң жетишкендикте биздин факультет да өз салымын кошту. Кыргыз–Кытай факультетинин Программалык инженерия багытынын 1-курсунун студенти — Туленова Гүлмира улуттук курама команданын курамында жигердүү оюн көрсөтүп, командасынын жеңишине салым кошту. Ошондой эле улуттук курама команданын машыктыруучусу, ОшМУнун факультеттер аралык №1 Дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Уланбек уулу Курстанбек тарабынан жүргүзүлгөн даярдык да жогорку натыйжа берди. Кыргыз–Кытай факультетинин жамааты Гүлмираны жана машыктыруучу курамды эл аралык деңгээлдеги бул ири жеңиши менен куттуктайт! Биз студенттерибиздин спорт, билим жана чыгармачылыктагы жетишкендиктерин ар дайым колдойбуз жана сыймыктанабыз.