2025-11-03 09:17:19 35
Кыргыз-Кытай факультетинде Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан илимий семинар өткөрүлдү. Мында семинар эл аралык рецензияланган журналдар үчүн илимий макала жазуунун методологиясына багытталып, окутуучулар Scopus жана Web of Science базаларынын талаптары, изилдөөнүн этаптары жана макаланы даярдоонун практикалык ыкмалары менен таанышты. Сабактарды Наманган мамлекеттик университетинин PhD докторлору, доценттер - Жамоллиддинова Нилуфар Акрамовна жана Мамаджанова Нозима Адхамовна жүргүзүп, катышуучуларга макала жазуунун заманбап эл аралык илимий талаптарын терең түшүндүрүп беришти. Семинарда активдүү катышып, ийгиликтүү жыйынтыктаган Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары эл аралык расмий сертификаттарга ээ болушту. Бул семинар окутуучулардын илимий-изилдөө иштерин жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болду.