Маданият, билим жана тажрыйба: Ырысбек кызы Мээримдин эл аралык саякаты

2025-10-29 04:53:24 59

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Ырысбек кызы Мээрим 2025-жылы өткөн Дүйнөлүк Кытай Тили Борборунун Экинчи жаш изилдөөчүлөр лагери жана глобалдык жаштардын өнүгүүсү жана маданий алмашуу программасына (CEP) катышып келди. Бул эл аралык программа Кытайдын үч ири шаары — Шанхай, Бээжин жана Циндао шаарларында уюштурулду. Программанын максаты — дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген жаштарга Кытайды терең, ар тараптуу жана реалдуу таанытуу, анын тарыхы менен маданиятын үйрөтүү жана эл аралык достук мамилелерди чыңдоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө Ырысбек кызы Мээрим ар түрдүү семинарларга, лекцияларга жана тажрыйбалык иш-чараларга катышып, Кытайдын билим берүү системасы жана маданий баалуулуктары менен жакындан таанышты. Ошондой эле ал Кытайдын белгилүү университеттерине, тарыхый жана маданий жайларына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.