2025-10-21 06:24:21 72
Учурда Ош облустук ооруканасында Кытай Эл Республикасынан келген офтальмолог-дарыгерлер тарабынан “Саламаттык поезди — Жарык тартуу” аттуу эл аралык медициналык долбоор жүргүзүлүп жатат. Бул долбоордун алкагында бир жумага созулган волонтёрдук иш-чара өтүүдө. Ага Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери ыктыярчы-котормочу катары активдүү катышууда. Алар дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда тилдик жардам көрсөтүп, операцияга чейинки жана кийинки иштерде колдоо көрсөтүшүүдө. Иш-чарага төмөнкү студенттер катышып жатышат: Юсупова Мохинур – Кытай таануу, 4-курс, КК-1-22 Жапарова Таттыбүбү – Кытай таануу, 4-курс, КК-1-22 Мукумова Айгерим – Кытай таануу, 4-курс, КК-1-22 Келдибеков Эмират – КЭМИ, 3-курс, КЭМИ-1-23 Закирова Зуура – Лингвистика, 2-курс, КЛ-1-24 Бул долбоор студенттердин кесиптик чеберчилигин арттырып, Кыргызстан менен Кытайдын достук алакасын чыңдоого салым кошууда.