Кыргыз-Кытай факультети жана Кыргызстан эл аралык мектеби: билим берүү кызматташуусунун жаңы этабы

2025-06-18 09:47:29 20

Кыргыз-Кытай факультети менен Кыргызстан Эл аралык мектеби тил окутуу жаатында кызматташтыкты күчөтүү боюнча расмий жолугушуу өткөрдү 2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз-Кытай факультети менен Кыргызстан Эл аралык мектебинин ортосунда кытай тилин окутууну өркүндөтүү жана кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча расмий сүйлөшүүлөр болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар тил үйрөтүү багытында тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү процесстерин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун негизги максаты — эки мекеменин ортосунда тил окутуунун сапатын жогорулатуу жана тил үйрөнүүгө кызыккан окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болгон. Бул иш-чара эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана билим берүү тармагында заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгиленди. Жолугушууга Кыргыз-Кытай факультетинин директору Ан Ды Юань, Кыргызстан Эл аралык мектебинин директору Азамат Раев жана эки тараптын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Кытай Эл Республикасынын маданиятын жана тилин жайылтуу, окутуу методикаларын жакшыртуу маселелери да каралды. Мындан тышкары, кытай тилин окутуудагы жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили мугалими Таштанова Мээримбү Кыргызстан Эл аралык мектеби тарабынан атайын сертификат менен сыйланды. Бул жолугушуу тараптар үчүн тил үйрөтүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, келечектеги биргелешкен иш-чараларга негиз салары белгиленди