2025-06-16 08:31:57 16
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, кесиптик ишинде көрсөткөн үзүрлүү эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили окутуучусу Акылбек уулу Эрланбек Ардак грамота менен сыйланды. Бул сыйлык агайыбыздын билим берүүдө жана келечек адистерди даярдоодогу чоң эмгегинин натыйжасы. Факультет жамааты агайыбызды сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!