ОшМУда “Жыл жыйынтыгы” сыйлоо аземи өттү

2025-06-16 07:53:55 130

2025-жылдын 13-июнунда Ош мамлекеттик университетинде 2024-2025-окуу жылындагы маданий-массалык жана уюштуруучулук иштердин жыйынтыкталышына арналган “Жыл жыйынтыгы” сыйлоо аземи болуп өттү. Бул аземдин алкагында Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Абдукадырова Ариана Нурбековна окуудагы мыкты жетишкендиги, маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышуусу жана үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн Ош мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Арианага чыгармачылык ийгиликтерди, окууда жана коомдук ишмердүүлүктө мындан аркы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!