ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин сыймыктуу студенттери — ЕАЭСтин мыктылары!

2025-06-16 06:58:27 75

Ош мамлекеттик университетинин ФА(б)-3-22 тайпасынын студенти Мамирова Бегимай жана КЭМИ-1-23 тайпасынын студенти Алиярова Бегойим 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында өткөн “Лучший студент стран — ЕАЭС” эл аралык сынагында жеңишке жетишишти! Алар I даражадагы диплом, кубок, ардак төш белги жана сыйлык күбөлүк менен сыйланышты. Бул сыйлык — алардын билимин, демилгечилдигин жана коомдук турмуштагы жигердүүлүгүн даңазалап, университетибиздин жана өлкөбүздүн намысын эл аралык деңгээлде коргогонунун далили. Урматтуу Бегимай жана Бегойим! Жетишкен ийгилигиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан ары да окууда, илимий-изилдөө иштериңиздерде жана чыгармачылыгыңыздарда ийгиликтер коштосун!