2025-06-13 06:43:48 52
КК-1-22 тайпасынын студенти Турдумамат уулу Бекзат Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин стипендиясына ээ болуп, окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Бул жетишкендик — анын үзүрлүү эмгегинин жана жоопкерчиликтүү мамилесинин жыйынтыгы. Турдумамат уулу Бекзатка мындан аркы окуусунда, илимий-изилдөө иштеринде жана жашоосунда дагы жаңы бийиктиктерди багынтуусуна чын жүрөктөн ийгилик каалайбыз!