Ош мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты

2025-06-10 07:58:25 33

Ош мамлекеттик университети Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Нурлан кызы Нуржанга кесиптик-багыттык практиканы чыгармачылык менен ийгиликтүү өтүп, окуу жайынын аброюн көтөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Сиздин аракетчилдигиңиз жана жигердүүлүгүңүз университет жамааты тарабынан жогору бааланат. Мындан аркы жашооңузда дагы ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалайбыз. Кыргыз-Кытай факультетинин мүнөздөмөсү Нурлан кызы Нуржан — өзгөчө жоопкерчиликтүү, тырышчак жана сабактарга үзгүлтүксүз катышкан, жогорку жетишкендикке ээ студенттердин бири. Ал ар бир ишке олуттуу мамиле жасап, факультетте да үлгү болуп келет. Факультет жамааты сиздин келечекте дагы ийгиликтүү адис болуп чыгуунуңызга терең ишеним артып, сапаттуу билим алууңузда жана чыгармачылык ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайт.