2025-жылдын 4-июнунда Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулар жамааты Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетине расмий иш сапар менен барышты.

2025-06-10 07:52:48 35

Иш сапардын алкагында эки жогорку окуу жайынын ортосунда илимий-академиялык кызматташтыкты тереңдетүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан сырткары, профессор-окутуучулар жамааты үчүн университеттин тарыхы, материалдык-техникалык базасы, илимий борборлору жана окуу-тарбиялык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу, илимий конференцияларга, семинарларга жана тажрыйба алмашуу программаларына катышуу боюнча макулдашышты. Бул иш сапар эки университеттин достук жана илимий байланыштарын чыңдоого, ошондой эле билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстерди колдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды.