2025-06-02 05:58:16 30
2025-жылдын 28-майында факультетибизде Кытай таануучу, кесипкөй котормочу, PhD докторант жана учурда ChinaTop жана MM-SOLVERS компанияларынын негиздөөчүсү болгон Рахманов Мурат мырза менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Мурат мырза өзүнүн билим алуудагы жана кесиптик жолундагы баалуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин кызыгуусун жараткан актуалдуу суроолоруна жооп берип берди. Ал чет тил үйрөнүүдөгү методдору, Кытайда билим алуудагы өзгөчөлүктөр, бизнес баштоо жана эл аралык чөйрөдө өз ордуңду табуу сыяктуу бир топ маанилүү темаларга токтолду. Студенттер бул жолугушуудан өздөрүнө керектүү кеңештерди, мотивацияны жана келечекке болгон так багыт алышты. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, эки тараптуу пайдалуу пикир алмашууга толуп турду. Мындай жолугушуулар — билим менен тажрыйбанын айкалышы болуп, жаштарга чоң шык жана стимул берет. Студенттердин сабакка болгон кызыгуусу артканын көрүү кубанычтуу! Факультет жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Алдыда дагы ушундай пайдалуу жана шыктандыруучу жолугушуулар көп болсун деп тилейбиз!