Кызыктуу таймаш, шыктуу студенттер!

2025-06-02 05:51:17 31

ОшМУнун Конфуций институту тарабынан өткөрүлгөн «Жибек жолу көпүрөсү» эл аралык кытайча ырлар сынагы жогорку деңгээлде өттү! Студенттер кытай тилиндеги ырларды ырдап, өз таланттарын көрсөтүштү. Бул сынак алардын тил үйрөнүүдөгү мотивациясын арттырып, сүйлөө жөндөмүн жакшыртууга чоң салым кошот. Жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер тапшырылып, катышуучулар шыктануу менен тарашты. Ыр аркылуу тил үйрөнүү — кызыктуу жана пайдалуу экенине дагы бир жолу ынандык!