2025-05-28 08:30:11 104
"Билимдүү жаштар — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги тиреги." Дал ушул улуу сөздү жетекчиликке алган Кыргыз-Кытай факультетинде 2025-жылдын 28-май күнү бүтүрүүчүлөр үчүн салтанаттуу кече болуп өттү. Иш-чара факультетти ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү урматтоо, алардын окуу жайдагы жетишкендиктерин белгилөө жана келечекке дем берүү максатында уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө факультет жетекчилиги, профессордук-окутуучулар жамааты жана ата-энелер бүтүрүүчүлөргө чын дилинен каалоо-тилектерин айтып, келечектеги иштерине ийгиликтерди тилешти. Ошондой эле, окуу процессинде жана коомдук турмушта активдүүлүк көрсөткөн студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө музыкалык чыгармалар жана чыгармачыл номерлер тартууланып, жылуу маанай түзүлдү. Иш-чаранын соңунда факультет жетекчилиги бүтүрүүчүлөргө окуу жайдын жана мугалимдер жамаатынын атынан каалоо-тилектерди билдирип, коомдук турмушка, кесиптик ишмердүүлүккө жигердүү катышууга чакырды. Кыргыз-Кытай факультети бүтүрүүчүлөрүн чын дилинен куттуктайт жана алардын ар бир кадамы ийгиликке толуп, билим, кесип, коомдук кызмат багытында жаңы ийгиликтерди багындыруусун каалайт!