2025-05-26 07:03:23 71
Ош мамлекеттик университетинде көп тил билген студенттерди колдоо, тил үйрөнүүгө шыктандыруу жана достукту, ынтымакты бекемдөө максатында «Жаш полиглот» аттуу сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сынакта студенттер уюштуруучулар тарабынан сунушталган сүрөт боюнча ар түрдүү тилдерде өз ойлорун жазып, андан соң ошол жазгандарын оозеки түрдө калыстар тобуна айтып беришти. Бул алардын тил билүү жөндөмүн гана эмес, чыгармачылык жана презентациялык чеберчилигин да ачып берди. Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери да бул сынакка активдүү катышып, өздөрүнүн көп тил билүүдөгү билимин жана талантынын бийиктигин көрсөтө алышты. Алар сынакта өзгөчөлөнүп, күчтүү атаандаштык жаратышты. Калыстар тобу үчүн жеңүүчүлөрдү тандоо оңой болгон жок – катышуучулардын баары өзгөчө даярдык менен келген, тил үйрөнүүгө кызыккан билимдүү жаштар экендиги айкын болду. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул – студенттер үчүн чоң стимул жана тил үйрөнүүгө болгон кызыгууну арттыруучу аянтча болду. Мындай иш-чаралар жаштардын потенциалын ачып, дүйнөлүк билим мейкиндигинде атаандашууга даяр жаңы муунду тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт.