2025-05-21 11:46:56 17
Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун окутуучулары Кытайда, бир жумалык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп келишти. Сабактар Кытайдын алдыңкы университеттеринин профессорлору тарабынан өтүлүп, жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу боюнча терең билим жана практикалык көндүмдөр берилди. Окуу менен катар Урумчи шаарынын маданий жана тарыхый жайларына экскурсиялар уюштурулду. Ошондой эле чет өлкөдө окуп жаткан студенттер менен жолугушуулар өтүп, достук футбол мелдеши да болду. Окутуучулар Синьцзян педагогикалык университетинин заманбап технологиялык базасы менен да жакындан таанышып, билим берүүдө колдонулуп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүштү. Бул университетте студенттер үчүн түзүлгөн шарттар абдан мыкты экенине күбө болушту. Мындай сапарлар окутуучулар үчүн чоң мотивация болуп, кесиптик жактан дагы да өнүгүүгө түрткү берет. Сапаттуу окутуучу – сапаттуу студент! Конфуций институтунун жетекчилигине жана Кытай тараптагы өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз!