Жаштардын коомдук ишмердүүлүгүн даңазалаган эл аралык конкурс

2025-05-21 08:29:46 155

Филология багытында окуп жаткан ФА(б)-3-22 тайпасынын студенти Мамирова Бегимай жана КЭМИ-1-23 тайпасынын студенти Алиярова Бегойим 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында өткөн «Лучший студент стран — ЕАЭС» аттуу эл аралык конкурстун жеңүүчүлөрү болушту. Бул эл аралык конкурс жаштардын коомдук иштердеги активдүүлүгүн, билимге жана илимге болгон умтулуусун даңазалоону, ошондой эле таланттуу студенттердин демилгелерин колдоону максат кылат. Мамирова Бегимай менен Лиярова Бегойимдин мындай чоң жетишкендиги алардын билимдүүлүгүн, демилгечилдигин жана коомдук турмуштагы жигердүү ишмердүүлүгүн тастыктап, университетибиздин, өлкөбүздүн намысын бийик деңгээлде коргогонун айгинелейт. Сиздерди бул жетишкендигиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы окуу-изилдөө иштериңиздерге жана чыгармачыл демилгелериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Ийгиликтер дайыма сиздер менен болсун!