Кытай Элчисинин Ош мамлекеттик университетине болгон алгачкы иш сапары

2025-05-13 09:56:39 117

Бүгүн 2025-жылдын 13-майында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин айым Кыргызстандын түштүгүнө болгон биринчи иш сапарынынын алкагында алгач Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда болуп, институттун эмгек жамааты жана ОшМУнун жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууну ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору – Аттокуров Курсантбек Шарабидинович жетектеди. Аны менен бирге жолугушууну Конфуций институтунун кытай тараптан директору – Ан Дыюань, кыргыз тараптан директору – Айтикеев Токтосун Кеңешбекович жана Кыргыз-Кытай факультетинин деканынын м.а. – Үсөн уулу Маматаир коштоп жүрүштү. Жолугушуу учурунда элчи айым Конфуций институтунун окуу кампусу менен жакындан таанышып, жалпы эмгек жамааты менен баарлашуу жүргүздү. Баарлашууда Лю Цзянпин айым ОшМУ – уникалдуу окуу жай экендигине күбө болгондугун, Кыргыз-Кытай мамилесинин бекемделишине ОшМУнун кошуп жаткан салымынын чоң экендигин белгилеп, мындан ары дагы биргеликте иш алып барууга тилектеш экендигин билдирди жана студенттердин кытай тилин мыкты деңгээлде өздөштүргөндүгүнө баа берди. Белгилей кетсек, Лю Цзянпин айым 2024-жылдын декабрь айында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган эле.