2025-05-13 08:19:49 13
Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу Каримов Кыяз агайдын демилгеси менен Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы №30 адистештирилген мектеп-интернатында Гектор Малонун «Томолой жетим Реми» чыгармасы боюнча китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка 66 окуучу катышып, жогорку жигердүүлүгүн көрсөттү. Жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чаранын алкагында кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлүп, факультет тууралуу маалымат берилди. Бул демилге жаштарды билимге шыктандырууга жана кесип тандоого багыт берүүгө багытталды.