2025-05-13 08:09:03 12
ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган стол тенниси боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин ынтымагын чыңдоо жана дени сак жашоо образын калыптандыруу. Мелдеш кыздар жана балдар арасында өз-өзүнчө уюштурулуп, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул саамалык студенттердин патриоттук тарбиясын жана жамааттык духун чыңдоого багытталды.