2025-05-08 14:41:53 88
2025-жылдын 5-10-май күндөрү Кыргыз-Кытай факультетинин ФА-1-21 тайпасынын 11 студенти Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алуу жана тажрыйба алмашуу сапарында жүрүшөт. Бул иш-чара эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулуп, студенттер Наманган мамлекеттик университетинин окутуучуларынын лекцияларына катышып, билим берүү ыкмалары менен таанышышып жатышат. Ошондой эле, бир катар маданий иш-чараларга да күбө болушуп, өзбек элинин тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат алышышты. Программаны Кыргыз-Кытай факультетинин Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Каримов Кыяз жетектеп жүрөт. Кийинки академиялык мобилдүүлүк сапарлары бир жума, эки жума жана бир айлык мөөнөттөрдө өткөрүлүшү пландалууда.