2025-04-23 03:48:16 95
2025-жылдын 21-22-апрелинде Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы – фил.и.к., профессор Сидиков Косим Абилович жетектеген 11 адамдан турган делегация Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетине иш сапары менен келишти. Мында Наманган мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин Англис тили кафедрасынын башчысы Даминжанов Собиржон Мухаммаджанович өзүнүн окутуучулары жана Кыргыз-Кытай факультетинин Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте бир катар мазмундуу иш-чаралар өткөрүлдү. Атайын түзүлгөн программанын алкагында алгач факультет боюнча экскурсия уюштурулуп, конокторго факультеттеги окуу процесси жана материалдык база тааныштырылды. Ошондой эле "Чет тилдерин окутуунун методикасы" аттуу темада биринчи конок лекция өткөрүлдү. Ал лекцияны НМУнун ДТФнын Англис тили кафедрасынын доценти, PhD Мамаджанова Нозима Адхамовна өттү. Конок лекцияга Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окуутуучулары жана Филология багытынын 4-курсунун студенттери катышышты. Конок лекция менен бирге НМУнун PhD, доценттери тарабынан ККФнын англис тилчи окутуучулары үчүн англис тилинин методикасы боюнча түрдүү мастер-класстар көрсөтүлдү. Мындан сырткары делегациянын Кыргыз-Кытай факультетинде окуп жаткан Өзбекстандык студенттер менен жолугушуусу, анда делегация менен студенттердин ортосунда суроо-жооп иретиндеги аңгемелешүүсү болуп өттү. Сапардын алкагында ыйык Сулайман-Тоого да экскурсия уюштурулуп, коноктор Сулайман-Тоо музейи жана кыргыз маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Экинчи күнү “SCOPUS журналдарында макала жарыялоо: туура журналды тандоо жолдору” аттуу темада экинчи конок лекция өттү. Мында лекцияны НМУнун ДТФнын Англис тили кафедрасынын доценти, PhD Саримсакова Дилафруз Мухамаджоновна өттү. Конок лекция кызыктуу болуп, ККФнын окутуучулары, магистранттары жана студенттери активдүү катышышып, тиешелүү суроолоруна жооп алышты. Андан соң ОшМУнун башка институттары, факультеттери жана борборлору, анын ичинде “Next Generation Hub” борбору менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУ менен НМУнун ортосунда окуу жайлар аралык кызматташууну чыңдоо, Кыргыз-Кытай факультети менен Дүйнөлүк тилдер факультетинин окутуучулары жана студенттери арасындагы академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Мында май айында НМУга ККФнын жамаатынын атайын делегациясынын барышы, окутуучулардын 1-2 жумалык, 1 же 6 айлык тажрыйба алмашуулары, студенттердин 1-2 жумалык же 1 айлык мобилдүүлүк боюнча окуп келиши белгиленди жана НМУда 12-13-майда өтүлүүчү эл аралык илимий конференцияга ККФнын жалпы окутуучулар жамаатына макала жазып, катышууга маалымкат берилди.