2025-04-18 05:31:26 43
2024-жылдын 16–17-апрель күндөрү Кыргыз-Кытай факультетинде Илим жумалыгынын алкагында илимий кече уюштурулду. Бул иш-чаранын алкагында «Филология», «Кытай таануу» жана «Лингвистика» багыттары боюнча билим алып жаткан төртүнчү курс студенттери өздөрүнүн илимий-квалификациялык иштеринин негизинде баяндамалар менен чыгышты. Илимий кечеге факультеттин деканы, тиешелүү кафедра башчылары, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышышты. Иш-чара учурунда катышуучулар баяндамаларга байланыштуу кызыккан суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кыргыз-Кытай факультетинде Илим жумалыгы салтка айланган иш-чара катары жыл сайын апрель айында өткөрүлүп келет. Бул жөрөлгө студенттердин илимий-практикалык тажрыйбасын арттырууга жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.