2025-04-16 04:49:56 55
2025-жылдын апрель айында Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинде Кытай тили күнүнө арналган маданий иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттердин, тил үйрөнүүчүлөрдүн мотивациясын жогорулатуу, кызыктыруу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо кытай тилин жана маданиятын жайылтуу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында факультеттин студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды. Программада кытай тилинде аткарылган ырлар, салттуу бийлер, ошондой эле улуттук аспаптардын коштоосундагы музыкалык номерлер көрүүчүлөргө сунушталып, катышуучулардын маданий дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталды. Ошондой эле Кытай элинин көркөм өнөрүнө мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөр чагылдырылып, студенттердин тил жана маданият жаатындагы билимдерин чыгармачыл формада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле факультетте атайын уюштурулган сүрөт көргөзмөсү көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты. Көргөзмөдө студенттердин өз колунан жаралган Кытайдын жаратылыш пейзаждары, архитектуралык эстеликтери жана маданий символдору чагылдырылган эмгектер сунушталып, студенттердин жана окутуучулардын чыгармачыл ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары бааланды. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору Аттокуров Курсантбек Шарабидинович жана Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Акматалиев Асанбек Тургунбаевич катышышып, өз сөздөрүндө мындай иш-чаралар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана маданият аралык диалогду чыңдоодо зор мааниге ээ экендигин белгилешти жана окутуучуларга, студенттерге мындан ары да ийгиликтерди жетишкендиктерди каалап кетишти.