ЕУНУдагы ОшМУ студенттеринин ийгиликтүү маданий демилгеси

2025-04-14 09:06:31 94

2025-жылдын 31-март күнү Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде билим алып жаткан Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин ФА-2-22 жана ФА-3-22 тайпаларынын студенттери — Алиязова Назира жана Мамирова Бегимай — Астана шаарындагы Назарбаев университетинде өткөрүлгөн Нооруз майрамына Кыргызстандын атынан катышышты. Иш-чарада ошондой эле Афганистан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн жана башка улуттардын өкүлдөрү да өз маданияттарын тааныштырышты.