2025-04-10 07:51:27 95
Ош мамлекеттик университетинде салтанаттуу, көп үндүү иш-чара өтүп, ар улуттун өзгөчө руханий дөөлөттөрү бир сахнада жаңырып турду. "Дүйнө элдеринин маданияты" аттуу бул майрамдык кече чет элдик жарандар менен мобилдүүлүк аркылуу келген студенттердин достугун чыңдап, биримдиктин баалуулугун дагы бир жолу тастыктады. Испания, Франция, Кытай, Индия, Россия, Корея, Өзбекстан жана башка жалпысы он үч мамлекеттин өкүлдөрү сахнада өз маданий мурастарын, улуттук кийимдерин, ыр-күүлөрүн жана бий өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир элдин түсү, табити, табияты аркылуу дүйнө маданиятынын байлыгы ачылып турду. Бул иш-чарада Кыргыз-Кытай факультети өзгөчө чыгармачылык менен айырмаланып, "Мыкты форма" наамына татыды. Алардын жасалгасы, улуттук колоритти туюнткан чыгармалары жана сахна маданияты көпчүлүктүн купулуна толду. Маданият – эл менен элди жакындаткан көпүрө. ОшМУнун бул демилгеси студенттердин жүрөгүндө унутулгус таасир калтырып, эл аралык достуктун бекем пайдубалын түптөдү.