29.03.2025. Кыргыз-Кытай факультетинин жамааты шаарды тазалоо иштерине жигердүү катышууда.

2025-03-31 09:47:17 6

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагындагы ишембиликтерге активдүү катышууда. Ар ишемби күнү университеттин окуу имараттарынын жана жатаканаларынын ички жана тышкы бөлүктөрү тазаланып, арыктар жана жол жээктери ирээтке келтирилүүдө. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук тазалык күнү" жөнүндөгү жарлыгына ылайык уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө. ОшМУда аталган демилгени ишке ашыруу үчүн атайын тескеме иштелип чыгып, анын негизинде университеттин бардык окуу имараттарында жана жатаканаларында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин ар ишемби күнү уюштуруу каралган.