Жеңишке карай бекем кадам!

2025-03-28 09:22:11 37

Жаштык – ал күч, дем, өжөрлүк! Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин ФА-2-24 тайпасынын студенти Абжапаров Элчибек чоң ийгиликке жетишти. Ал Бишкек шаарында ЖОЖдор арасында өткөн олимпиадада кур күрөш боюнча тайманбас мүнөзүн, чеберчилигин жана эркин көрсөтүп, татыктуу экинчи орунду ээледи. Бул жеңиш – мээнеттин, үзүрлүү эмгектин жана өжөр мүнөздүн жемиши! Элчибек, сенин ийгилигиң – биздин сыймыгыбыз! Спорттогу кайратмандыгың жана эмгегиң ар дайым жогорку бийиктиктерге жетелесин! Дагы да көптөгөн жеңиштерди багындырып, ОшМУнун даңкын ар дайым бийик көтөрүп жүрө бер! Куттуктайбыз! Ийгиликтериң арта берсин!