Нооруз - жаздын жана кайра жаралуунун майрамы

2025-03-20 11:31:39 137

Бүгүн Кыргыз-Кытай факультетинде улуу Нооруз майрамына арналган көркөм иш-чара болуп өттү. Жаздын келиши менен жаңы жылдын башталышын даңазалаган бул майрам өзгөчө шаң менен белгиленип, студенттердин чыгармачылык таланттарын ачып көрсөтүүгө зор мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаранын алкагында студенттер ар кандай өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды. Сахнада улуттук бийлердин шайыр кыймылдары, эсте каларлык сахналык көрүнүштөр, жан дүйнөнү толкуткан обондор жаңырып турду. Майрамдык атмосфераны жандандырууда улуттук кийимдердин көркү, салттуу тамак-аштардын даамы жана катышуучулардын көтөрүңкү маанайы чоң роль ойноду. Бул иш-чара студенттерди биримдикке, маданий баалуулуктарды урматтоого жана чыгармачылык өнүгүүгө шыктандырды. Уюштуруучулар жана катышуучулар бул майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн болгон аракеттерин жумшап, Нооруздун маңызын терең чагылдырган мыкты бир кечени тартуулашты. Нооруз – жаңылануунун, тынчтыктын жана берекенин символу. Бүгүнкү майрам дагы ошол улуттук нарктарыбызды даңазалап, жалпы жамаатты жылуулукка, ынтымакка жана жакшы үмүттөргө жетеледи.