2025-03-19 03:53:22 82
Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда кезектеги "Кытай тили көпүрөсү - 2025" эл аралык сынагынын тандоо баскычы өзгөчө шаң менен өттү. Бул салтанаттуу иш-чара кытай тили менен маданиятын терең үйрөнүп жаткан студенттер үчүн улуу мүмкүнчүлүк гана эмес, алардын билимин, талантын жана чечендик өнөрүн даңазалоочу аянтча болду. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн тил билүү деңгээлин гана көрсөтпөстөн, ошол эле учурда сахнада өзүн алып жүрүү маданиятын, артисттик жөндөмүн жана чыгармачылык дараметин да ачып беришти. Алардын ар бир сөзү, ар бир кыймылы, ар бир эмоциясы калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жогорку баага татыды. Сынактын атмосферасы чыңалып, ар бир студент өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук ачууга умтулду. Калыстар тобу студенттердин сөз эркиндигин, тилди өздөштүрүү деңгээлин жана сахнада эркин, табигый жүрүү жөндөмүн кылдат баалады. Ар бир катышуучунун аракетинде чоң эмгек, тынымсыз изденүү жана кытай маданиятына болгон сүйүү байкалып турду. Натыйжада, төрт таланттуу студент сынактын финалына жолдомо утуп алып, кийинки баскычта ОшМУнун Конфуций институтунун намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алардын алдында дагы бир маанилүү сыноо турат. Бирок, биз ишенебиз – бул зирек жана таланттуу студенттер өздөрүнүн билимин, эмгегин жана аракетин жогорку деңгээлде көрсөтүп, алдыңкы орундарга жетишет. Алардын ар бир кадамы университетибиздин гана эмес, Кыргызстандагы кытай тилине кызыккан бардык жаштардын үмүтүн жана ишенимин актаарына бекем ишенебиз. Ийгилик каалайбыз, келечектеги жеңүүчүлөр! Эскерте кетсек сынактын финалдык баскычы,ушул жылдын май айында Бишкек шаарында өтмөкчү.