2025-03-18 02:53:47 62
Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Кубанычбек кызы Жайнагүл Бишкек шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча универсиаданын жогорку лигасында өзгөчө чеберчилигин жана терең акылмандыгын көрсөтүп, ийгиликке жетишти. Ал командалык эсепте экинчи орунду, жеке эсепте үчүнчү орунду ээлеп, университеттин намысын татыктуу коргоду. Акыл, стратегия жана чыдамкайлыкты талап кылган бул интеллектуалдык таймашта жогорку жыйынтык көрсөтүү – чыныгы өжөр эмгектин, талыкпаган машыгуунун жана бекем эрктин жемиши. Сиздин бул жеңишиңиз мындан ары да жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, дагы чоң ийгиликтерге жетелейт деп ишенебиз. Урматтуу Кубанычбек кызы Жайнагүл, бул жеңишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздин максатка умтулгандыгыңыз жана ийгиликти багындырууга болгон тырышчаактыгыңыз көптөргө өрнөк. Алдыда дагы жаңы бийиктиктерди багындырып, жаңы жеңиштерди багындыра бериңиз!!