15-Март – Аталар күнү менен куттуктайбыз!

2025-03-15 04:06:59 45

Кадырман аталар! Сиздер бул дүйнөдөгү эң бийик, эң ыйык атты – "Ата" деген наамды татыктуу алып жүргөн улуу инсансыздар! Ата – бул үйдүн куту, акыл-насааттын булагы, бекем тирек жана чексиз мээримдин ээси. Сиздердин аркаңыздарда үй-бүлө очогу жылуулукка, балдарыңыздын жүзү кубанычка, коомубуз болсо бекем ишенимге толуп турат. Ата мээрими – күн нурунан да ысык, ата сөзү – алтындан да баалуу, ата батасы – жашообузга чырак болчу түбөлүктүү жарык! Сиздердин эмгегиңиздерди эч нерсе менен теңеп, ак ниетиңиздерди эч өлчөм менен баалоого мүмкүн эмес. Бул ыйык күнү сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук, тынч жашоо жана чексиз бакыт каалайбыз! Балдарыңыздын сыймыгы, неберелериңиздин таянары болуп, жакындарыңыздын сый-урматында узак өмүр сүрүңүздөр! Аталар күнү кут болсун!