2025-03-11 02:01:24 105
Ош мамлекеттик университетинде институттар жана факультеттер арасында бел боо күрөшү боюнча студенттердин мелдеши болуп өттү. Бул таймашта күч сынашкан жаш спортчулардын арасында мыкты жыйынтыктар катталды. Кыргыз-Кытай факультетинин 66 кг салмактагы Абжапаров Элчибек өзүнүн чеберчилигин жана күчүн далилдеп, татыктуу түрдө 2-орунду ээледи. Ошондой эле, 78 кг салмак категориясында Салайдинов Амантай таймашка тайманбай чыгып, 3-орунга жетишти. Алар факультеттин намысын коргоп гана тим болбостон, мыкты көрсөткүчтөрү менен ОшМУнун курама командасына жолдомо алышты. Эми жаш спортчуларыбыз университеттин атынан жалпы республикалык универсиадага катышып, апрель айында өтө турган чоң мелдеште ОшМУнун даңкын жаңы бийиктиктерге көтөрүүгө белсенип турушат. Аларга мындан аркы таймаштарда ийгилик жана жеңиш тилейбиз!