2025-03-10 09:43:39 49
7-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда жергиликтүү кытай тили мугалимдеринин арасында окутуу методикасына арналган конкурс болуп өттү. Иш-чара кытай тилин окутуунун сапатын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө багытталды. Конкурс өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, жалпысынан 13 окутуучу өз педагогикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар ар түрдүү окутуу ыкмаларын колдонуу менен сабак өтүп, жюринин жана кесиптештеринин сынынан өтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга жана башка катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды. Бул сыяктуу иш-чаралар мугалимдердин кесиптик өсүүсүнө чоң түрткү берип, кытай тилин окутуунун заманбап ыкмаларын жайылтууга өбөлгө түзөт. ОшМУнун Конфуций институту мындан ары да кытай тили мугалимдеринин тажрыйба алмашуусуна жана билимин өркүндөтүүгө шарт түзүүнү улантат.