09.03.2025.Кезектеги ЧСК (HSK) экзамени ийгиликтүү өткөрүлдү.

2025-03-10 09:20:29 58

Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда кытай тили боюнча кезектеги ЧСК (HSK) экзамени ийгиликтүү өткөрүлдү. Сынакка Ош шаары жана Ош облусунун гана эмес, коңшу Өзбекстандан келген талапкерлер да катышып, өз билимдерин сыноого мүмкүнчүлүк алышты. ЧСК экзамени – кытай тилин билүү деңгээлин аныктаган эл аралык стандарттагы сертификаттык тест. Бул жолу сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Кытай Эл Республикасына билим алуу үчүн тышкы мобилдүүлүк программаларына катышууга жолдомо алышат. Бул – жаштар үчүн эл аралык деңгээлде билим алып, тилдик чеберчилигин өркүндөтүүгө, маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачууга чоң кадам. ОшМУнун Конфуций институту кытай тилин жана маданиятын үйрөнүүнү каалагандар үчүн кеңири шарттарды түзүп, ар жыл сайын жогорку деңгээлдеги сынактарды уюштуруп келет. Бул багытта билим алууну каалаган ар бир талапкерге институттун эшиги ар дайым ачык!