07.03.2025. Кыргыз-Кытай факультетинде 8-мартка арналган майрамдык иш-чара өттү

2025-03-10 05:33:08 85

Бүгүн Кыргыз-Кытай факультетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Окутуучу эжекелер менен студент кыздар үчүн куттуктоо сөздөр айтылып, алардын билим берүү жана коомдогу орду жогору бааланды. Студенттер майрамга арнап ыр-бий, көркөм окууларды тартуулап, иш-чарага өзгөчө шаң кошту. Майрамдык атмосфераны жандандыруу үчүн лотерея ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Факультеттин бардык айымдарын ушул жарык майрамы менен куттуктайбыз! Ден соолук, бакыт, ийгилик жана жаңы жетишкендиктер коштосун!