2025-03-07 11:47:25 129
6-март күнү Ош мамлекеттик университетинде билим берүү жана илим тармагында үзүрлүү эмгек өтөп, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан айымдарды сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайда көп жылдардан бери талыкпай эмгектенип, жаш муунду тарбиялоого, илим изилдөөгө жана билим берүүгө зор салым кошкон 200гө жакын айымдар сыйланды. Аларга ОшМУнун Ардак грамоталары, төш белгилери, алкыш баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул ири сыйлыктардын ээси болгон айымдардын катарын Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары да толуктады. Алардын арасында ККФнын "Кытай тили жана кытай таануу" кафедрасынын башчысы Алымбекова Венера “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси менен сыйланса, улук окутуучусу - Абдыкаарова Турдукан ОшМУнун Ардак грамотасын, окутуучусу - Алмазова Нурзат ОшМУнун алкыш баракчасын алды. Кадырлуу айымдар! Сиздердин билим берүү тармагындагы мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер ар дайым баалуу. Жаш муунду тарбиялоого, аларга терең билим берүүгө жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар зор. Бүгүнкү сыйлыгыңыздар – сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин жогорку баасы. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, илимий жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз! Ар дайым эмгек талаасында жемиштүү иштеп, студенттериңиздердин, кесиптештериңиздин сыймыгы болуп жүрө бериңиздер! Ийгилигиниздер арта берсин!