Кыргыз-Кытай факультети волейбол мелдешинде баш байгеге ээ болду

2025-03-07 08:01:56 67

8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата 4-мартта Ош мамлекеттик университетинде айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара билим берүү мекемесинин эмгек жамаатындагы айымдардын ынтымагын бекемдеп, ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулду. Жогорку деңгээлде өткөн таймашта командалар күч сынашып, спорттук чеберчилигин көрсөтүштү. Өзгөчө ыкчамдыкты, тактыкты жана командалык духту даңазалаган оюндардын жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультетинин командасы биринчи орунду багындырды. Бул жеңиш факультеттин биримдигин, эмгек жамаатынын ынтымагын жана спортко болгон кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады. Урматтуу Кыргыз-Кытай факультетинин айымдар командасы! Сиздерди 8-Март майрамына утурлай өткөрүлгөн волейбол мелдешинде татыктуу жеңишке жетишкениңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ийгилик – сиздердин тырышчаактыгыңыздардын, жигердүүлүгүңүздөрдүн жана биримдикте аракеттенүү жөндөмүңүздөрдүн жемиши. Ар дайым ушундай жигердүү, шыктануучу жана жеңишке умтулуучу бойдон кала бериңиздер! Ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтер сиздер менен болсун!