2025-02-24 11:17:43 74
Кыргыз-Кытай факультетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган өзгөчө майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул күн мекенибизди коргоп, анын тынчтыгы үчүн эмгектенген ар бир адамга болгон урмат-сыйыбыздын белгиси болду. Иш-чара шаңдуу жана жылуу маанайда өтүп, катышуучулар кызыктуу оюндарга, ыр-бий программаларына күбө болушту. Майрамдык шаңды арттырган лотерея ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Көздөрдө кубаныч, жүрөктө ыраазычылык – бул күн көпчүлүккө унутулгус эсте калды. Ата Мекенди коргоочулар күнү – бул жөн гана майрам эмес, эр жүрөктүүлүктүн, намыстын жана мекенчилдиктин символу. Бул иш-чара дагы бир жолу достукту, биримдикти жана сый-урматты бекемдеген учур болуп калды.