2025-02-21 07:59:27 123
2025-жылдын 21-февралында Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрында «ОшМУ мырзасы – 2025» аттуу сынак уюштурулду. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык, интеллектуалдык жана инсандык сапаттарын өркүндөтүүгө багытталган. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар ар түрдүү тапшырмаларды аткарып, өздөрүнүн билимин, өнөрүн жана социалдык активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында, Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Азаматбек уулу Муса «Таланттуу мырза – 2025» наамына татыктуу деп табылды. Бул жетишкендик анын өнөргө болгон кызыгуусун жана чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн айгинелейт. Урматтуу Азаматбек уулу Муса! Сизди «ОшМУ мырзасы – 2025» сынагында «Таланттуу мырза – 2025» наамын алууңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул жеңиш – сиздин эмгегиңиздин, талантыңыздын жана аракетчилдигиңиздин жемиши. Өзгөчө өнөрүңүз жана жаркын инсандык сапаттарыңыз менен дагы далай бийиктиктерди багындырарыңызга ишенебиз. Ийгилигиңиз артып, ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөр сизге эшигин ачсын! Сизге бекем ден соолук, чыгармачыл өсүү жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!