6-март. «ОшМУнун идеалдуу түгөйү - 2015»

2015-03-10 17:28:17 718

      6-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын урматына арналган “ОшМУнун идеалдуу түгөйү -2015” сынагы Ош улуттук драма театрында жалпы көрүүчүлөргө тартууланды. Сынакта ОшМУнун факультеттеринен тандалып алынган 10 түгөйү «Сүйүү жана тагдыр», «Эң мыкты серенада” аттуу деген шарттарда чыгармачылык дараметин көрсөтүштү. Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, таланттуу студенттердин жөндөм шыктарын өстүрүү, моралдык дем берүү, сүйүүнү, махабатты даңазалоону максат кылган сынакта Конфуций Институтунун студенттери Акматбеков Санжарбек жана Жунусова Айзат «ОшМУнун идеалдуу түгөйү - 2015» номинациясын жеңип алышты.