Залкардын залкар ойлору

2018-12-15 12:18:13 424

2018-жылдын 13-декабрында Кыргыз-Кытай факультетинде Ч.Айтматовго арналган жүрүш жасалды. Айтматовго арналган обондуу ырлар аткарылды. Ар бир студент Ч.Айтматовдун чыгармаларынын алынган суроолорго жооп берүү менен сабакка киришти. Жазуучунун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде тартылган кино көрсөтүлдү. 14:00дө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө арналган адабий-сахналаштырылган кече өткөрүлдү. 1-курстар ортосунда “Залкардын залкар ойлору” аттуу сахналык көрүнүштөрдүн таймашы жүрдү. Активдүү тайпаны жана катышуучуларды факультеттин деканы Т.К.Айтикеев диплом жана номинациялар менен сыйлады. Факультеттеги Айтматов бурчун “Нур” телевидениеси эфирге чыгарды.