Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган күн

2018-12-12 12:47:43 451

-Мына ушул балдар кийин сизге окшоп окуунун, билимдин кереги эмне деп түшүнбөй калса, анда сиз кагылайын деген кеңештин иши алга баспай калат. Мен үчүн бул кордук эмес, Каке колумдан келсе балдарга дагы көбүрөөк билим берсем, арманым болбос эле, Ленин да айтып кетпедиби бул тууралуу... (Ч.Айтматов “Биринчи мугалим” Дүйшөн менен Картаңбайдын диалогу) Кыргыз-Кытай факультетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө арналган күн, таңдын атышы, айтматовдук орошон ойлор жана жазуучуну даңазалаган ырлар менен башталды. Сабакка келген ар бир студентке Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган суроолор берилди, атайын бурч уюштурулуп жазуучунун чыгармаларынын томдуктары, сүрөттөр, буклеттер студенттердин назарына коюлду. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары К.Каримов сөз сүйлөп студенттерди Айтматовдун чыгармаларын окууга үндөдү. Уюштуруучуларга, Мамлекеттик тил кафедрасынын окуутучулары Б.Закирова, А.Осмоноваларга , жаштар комитетине ыраазычылык билдирди. Деканаттын колдоосу менен чон актылык залда Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде тартылган кино көрсөтүлдү. Экинчи бөлүк сахналык көрүнүштөр менен коштолгон концерттик программа менен уланат.