УЛУУ ЖАЗУУЧУ АЙТМАТОВ, ӨЗГӨЧӨ ТАҢ

2018-12-12 09:44:14 439

Бүгүн 2018-жылдын 12-декабрь ааламдын алпы болгон улуу жазуучу, улуу ойчул Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош МУнун Кыргыз-Кытай факультетинде өзгөчө таң. Окуу имаратына кирген кишилерге Айтматовдун тирүү элеси турган сыяктуу элес берип турат. Мамлекеттик тил кафедрасынын окуутучулары Б.Закирова, А.Осмоновалар, жаштар комитети жана 1-курстун студенттери тарабынан уюштурулуп, эрте менен келгендерге суроо берилип, жоопторго баалуу белектер берилди. 1-кабатта улуу жазуучубуздун бурчу түзүлүп, Айтматовдун чыгармалары көргөзмөгө коюлду.