Хайко университетинде уюштурулган “Кытай тили жана талант» аттуу сынакта ОшМУнун студенти 1-орунду багындырды

2018-12-06 16:51:53 446

Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясындагы Хайко университетинде болуп өткөн “Кытай тили жана талант» аттуу сынакта чет өлкөлүк студенттердин ичинен ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 4-курсунун студенти Миргул Мадраимова 1-орунду багындырды. Өзгөчө таланты, шык-жөндөмү менен айырмаланган Миргул Мадраимова уюштуруучулардын диплому, акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Белгилей кетсек, учурда Кыргыз-Кытай факультетинин 31 студенти КЭРдин бир топ университеттеринен 6 айлык академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат. Алардын ичинен 7 студент аталган Хайко университетинде мобилдүүлүктөн өтүп, билимин жогорулатышууда.