КЫТАЙДАН ОШМУГА

2018-12-05 10:02:05 433

Ош мамлекеттик университетинде чет өлкөдөн келип, студенттерге билим берип жаткан окутуучулар аз эмес. Тили бөлөк, дили бир окутуучунун ОшМУдагы күндөрүнө көңүл буралы. ОшМУнун кыргыз–кытай факультетинин окутуучусу Янг Сяофың: «Бизге Кытайда кыргыз маданиятын үйрөтүп, “Манастан» үзүндү жаттатып, андан соң Кыргызстанга жөнөтүшөт» -Жалпысынан Кыргызстанга келгениме быйыл 5 жылдын жүзү болду. Атымды атоо кыйынга турбаш үчүнбү, айтор, бир окуучум кыргызча Чолпон деген ат ыйгарып, ошондон тарта ушул ысымды алып жүрөм (күлүп). Алгач ОшМУнун «Билим» лицейинде эмгектенип баштасам, азыркы учурда ОшМУнун кыргыз–кытай факультетинде лингвистика жана кытай таануу багыттары боюнча студенттерге сабак берип жатам. Тил маселеси боюнча башында кыйынчылык болду. Эки ай баш көтөрбөй үйрөнүп жаттым. Андан соң кыргыз тилин үйрөткөн мугалимим белгилүү себептер менен бошобой калды. Азыр болсо негизги мугалимим бул– студенттер. Студенттерге кытай тилин үйрөтсөм, алар мага кыргыз тилин үйрөтүшөт. Кыргыздын тархы бай. Каада–салттары ушул мезгилге чейин сакталып келгени таң калтырат. Баткен жергесине барган учурда улуттук оюндарын көрүп, улуттук даамдарынан ооз тийип, башкача сезим калтырган эле. Мага кыргыз табияты, үрп–адаттары нукуралуугу менен жакты. Баса, Кытайда бизди Кыргызстанга жөнөтүп жаткан учурда кыргыз маданияты жөнүндө түшүнүк берип, «Манастан» үзүндү жаттатып анан соң жөнүшөт. Ал эми Ош жергеси табийгый жер–жемиштери, жаратылышы жана көп шамал болбогону менен мени тартып турат. Ош мамлекеттик университети Кыргызстандагы эң чоң, базасы кенен окуу жай. Туз таткан жеримен жакшы тааныштарды арттырдым. Азыркы учурда кичине балам бала бакчага барат. Буйруса, уулум Ош шаарында мектепти аяктаганга чейин ушул жерде болом деп тилек кылып турам. Даярдаган: Кыргыз-Кытай факультетинин КЛ-1-15 таймасынын студенти Чыңгыз кызы Нуриза